Ош. Ош облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын 89 жылдыгын белгиледи

Кечээ, 31-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 89 жылдыгын белгиледи. Шаардын борбордук аянтында өздүк курам параддык кийимде сапка тизилишти. Майрамга тиешелүү жетекчилерден тышкары ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Сүйүн Өмүрзаков, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, облус прокурору Айбек Тургунбаев жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамга карата эмгеги сиңген кызматкерлер ИИМдин орден-медалдары жана башкармалыктын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан