Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, жумушсуздардын саны көбөйүшү мүмкүн
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев
31-октябрдагы Экономикалык клубдун отурумунда Кыргызстан Бажы биримдигине
киргенден кийин кайсы тармактарга инвестиция көп тартылары тууралуу маалымат
берди. “Инвестициянын негизги бөлүгү айыл чарба, курулуш жана
соода-сатыкка багытталат. Башка азык-түлүк, жеңил өнөр жай тармактары төмөндөшү
мүмкүн. Биз Бажы биримдигине кире электе эле жеңил өнөр жай тармагындагы
көрсөткүч 8 ай ичинде 26 пайызга төмөндөп кетти. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын
арзандыгынан улам айыл чарбада өсүү болот. Бул жерде экспорттоп, пайда табууну көздөгөндөрдүн кызыкчылыгы көрүнүүдө”,- деди министр. Мындан тышкары “Бизди келген
инвестициянын эсебинен керектүү санда жумуш ордун түзө алабызбы деген суроо
кызыктырууда. Экспортко чыгарылчу товарларды өндүрүүдө жумуш орду түзүлүшү
күтүлүүдө. Биз Бажы биримдигине кирүүдөгү кемчиликтерди жоюу үчүн алдын ала
чараларды көрөбүз”,- деди Сариев.