Жантөрө Сатыбалдиев Маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 1-ноябрда маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

 

“Улуттун духу маданияттын деңгээли менен өлчөнөт. Анын сыңарындай, маданият - улуттун руханий күзгүсү. Маданият дайыма жаңы көз караштарды, креативдүү ойлорду, жан дүйнөнүн эркиндигин талап кылат. Ошону менен бирге кылымдарды карытып, ата-бабаларыбыздан калган улуу дөөлөттөрдү үйрөнүү, өздөштүрүү, жайылтуу дал сиздердин аракетиңиздер менен жүрүп жаткандыгы жалпыбызга маалым.

Кандай гана кыйын кырдаал болбосун, өлкөбүздөгү маданият кызматкерлеринин өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрүн улуттук духта, мекенчилдик таризде тарбиялоодо, бай мурастарды дүйнө элдерине тааныштырууда жасап жаткан алгылыктуу эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу. Республикабыздын маданият тармагындагы жетишкендиктер, өсүштөр, реформалар сиздердин талыкпаган аракетиңиздердин аркасында ишке ашып жаткандыгын өзгөчө белгилей кетким келет.

Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Чыгармачылык эргүү менен элибиздин жаркын келечеги үчүн талыкпастан эмгектене беришиңиздерге тилектешмин”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан