Ош. Шаарда айдоочулар арасында спорттук мелдеш өттү
Кечээ, 31-октябрда Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан айдоочулар арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар футбол, стол тенниси жана аркан тартыш түрлөрү боюнча 4 тайпага бөлүнүп, күч сынашышты. Соңунда жеңүүчүлөргө аталган агенттик тарабынан акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды. Мындан сырткары иш-чаранын катышуучулары үчүн кечинде сый-тамак уюштурулду. Бул тууралуу агенттиктин адиси Нургазы Каримов билдирет.