Абдулда Суранчиев: “Биздин кызматкерлер татаал шарттарда иштеп жатышат”
Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министри Абдулда Суранчиев 1-ноябрдагы Кыргыз милициясынын күнүн майрамдоо
салтанатында “Биздин
кызматкерлер татаал шарттарда иштеп жатышат” деп билдирди. “Биз бүгүнкү
күндө орчундуу маселелерди аткарып жатабыз. Кызматкерлерибиз татаал шарттарда иштеп жатышат. Ички иштер
органдарынын кызматкерлеринин профессионалдуулугу менен “Фуджин”
дүкөнүнүн башкы директорун өлтүрүү, Баткен облусундагы үй-бүлөнү атып
кеткен жана башка кылмыш иштеринин бети ачылды”,- деди Суранчиев. Министр ички иштер
органдарынын жеке курамын жана ветерандарды кесиптик майрамы менен куттуктап,
артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерди медаль жана ардак грамоталарын
тапшырды.