Феликс Кулов өзүнүн иш-аракети боюнча козголгон кылмыш ишинен шек санай турганын айтты

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн, 1-ноябрда маалымат жыйын берип, өзүнүн иш-аракетине карата козголгон кылмыш иши негизсиз экенин айтты. Кулов мындай аракет менен өзүн саясат талаасынан сыртка сүрүп чыгаруу аракети болушу мүмкүн деп шектенип жатканын да айтты. 

“Эгер кылмыш иши мындан бөлөк берене боюнча козголсо башка кеп болчу. Бирок кылмыш иши жоопкерчиликке тартууга депутаттын макулдугу суралбай турган берене боюнча козголду”,- дейт Кулов.   

Айта кетсек, кылмыш иши “коррупция” беренесинин негизинде 2006-жылы Улуттук гвардиянын жанынан 1,6 гектар аянттын ”ЮНИС-Курулуш” компаниясына берилиши жана тарыхый эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча козголду. Ал учурдагы премьер-министр Куловдун тийиштүү токтомго кол койгондугу айтылды.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан