Бишкектеги №4-төрөт үйүнө төрөөгө келген аялдын жакын туугандары врачты уруп жибергендиги тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган төрөт үйүнүн мүдүрү Гүлнара Мамытова билдирди.
“Түндө бизге төрөөгө боюнда бар айым жакын туугандарынын коштоосунда келип түштү. Ал келип түшөрү менен жаңжал чыгып кетти. Биздин карап-текшерүүчү бөлмөдө төрөй турган аялдарды көрүүчү кресло жана тосмо турган. Врач кош бойлуу аялды креслого чыгарып караарда анын туугандары кирип келишкен. Врач алардын чыгып туруусун суранганда алар сөгүнүп, урушуп киришкен. Врач алардан урушуп-сөгүнбөөнү өтүнгөндө аны уруп жиберишкен. Колун раковинага жууп жаткан врачтын башы дубалга урунуп, эмне болуп кеткенин аңдоого жетишпей калган",- дейт Гүлнара Мамытова.