Июнь окуясынан жабыркаган тургундардан батир алууга документтерин кабыл алуу токтотулду. Ушул мезгилге чейин жалпы Ош шаарынан 776, Ош облусунан 600 жаран батир алууга документ тапшырган. Алардын ичинен 591 жаранга үй берүү боюнча чечим чыккан. Калган 190 жарандын документтери жыл аягына чейин каралып, ошону менен бирге Июнь окуясында жабыркаган тургундарга батир берүү маселеси жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы Алимбай Кадыров билдирди.