Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.
Сиздер талыкпаган эмгек менен биздин маданиятыбыздын нукура рухий байлыгын сактап, аны байытууга зор салым кошуп келесиздер. Биз сиздердин кесипкөй ишмердигиңиздерди, маданияттуулуктун туу чокусуна болгон умтулууңуздарды, аны башкаларга таратуудагы талыкпаган аракетиңиздерди жогору баалап, ыраазычылык билдиребиз.
Сиздерге бекем ден соолукту, чыгармачылыкта жаңы бийиктиктерди каалайм. Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!”