Биз социалдык тармакта

Суучул Владислав Шуликонун марага жетерине 31 чакырым калды

Рекорд жаратам деген суучул Владислав Шулико 150 чакырымды сүзүп өткөндүгүн аны коштоп жүрүүчүлөр маалымдашты.

"Бүгүн, 26-августта саат 11:30да Владислав 150 чакырымды багындырды. Демек, финишке аз калды. Биздин божомол боюнча суучул эртең түштө марага жетет. Бул көп факторлордон көз каранды. Учурда Кош-Көлдө сүзүп бара жатабыз", - дешти спортчуну коштоп жүрүүчүлөр.

Эскерте кетсек, 22-августтан 27-августка чейин "Issyk-Kul Swim 1812 долбоорунун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Анын коопсуздугу үчүн коштоп жүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш суучул - куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Umar7
2021-08-26 14:28:42
Курсагы кантти экен, суудан чыкпай сүзүп баратат
-2
jigit.paren
2021-08-26 18:54:32
Umar7,токтоп шам шум этет бирок суудан чыкпайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан