Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү сууну берүү токтотулат
Бишкектин айрым
райондорунда 4-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу
мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, суу түтүктөрүн оңдоо иштерине
байланыштуу шаардагы К.Акиев, Логвиненко менен Чүй проспектисинин кесилишинде,
Панфилов, Жибек Жолу көчөсүнүн Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн
кесилишинде, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония, №3-шаардык
гинекологиялык оорукана, Кыргыз драма театры, Улуттук китепкана, Жусуп
Баласагын атындагы КУУ, Улуттук статистикалык комитет, “Спартак” стадионунда ичүүчү
сууну берүү токтотулса, №1-стоматологиялык бейтапкана жана “Тез жардам” станциясында суунун басымы азаят.