Өкмөт башчы тийиштүү жетекчилерге 4-кварталдагы планды аткаруу боюнча тапшырма берди
Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев казынанын планын аткаруу маселеси
боюнча чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Чогулушка каржы министри Ольга Лаврова, Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик салык
кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси
Адамкул Жунусов катышты. Өкмөт башчы
Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилерине кийинки
жуманын башына коллегиянын чыгарган чечими аткарылгандыгы тууралуу отчёт
берүүнү айтты. “Салык жыйноо боюнча планды аткарбагандарга тиешелүү чаралар
көрүлүшү керек”,- деди премьер-министр. Мындан сырткары премьер-министр жетекчилерге
4-кварталда планды 100 пайызга аткаруу тапшырмасын берди.