Ярославлда курулушта мыйзамсыз иштеп кармалган мигранттардын арасында кыргызстандыктар да бар

Орусиянын Федералдык миграция кызматы Ярославль шаарынын борборундагы курулушта мыйзамсыз иштеген 60 жаранды аныкташты. Алар Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина мамлекеттеринен келген мигранттар экени белгилүү болгон. Миграциялык кызматтын маалыматына ылайык, мигранттар шаардагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жатышкан. Рейддин жүрүшүндө 74 протокол түзүлүп, анын 54ү Орусия Федерациясында жүрүүдө административдик укук бузуулар боюнча жазылып, жалпысынан 150 миң рубль айып пул салынды. Кармалгандардын 12синин иши мыйзам бузууларды текшерүү үчүн Ярославлдагы райондук сотко өткөрүлүп берилди. Миграциялык кызмат акыркы эки жылдын ичинде 7 жолу мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттарды кармаганын белгилеп өттү. Чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жумуш менен камсыз кылгандыгы үчүн жумуш берүүчү 25 миңден 800 миңге чейин айып төлөшү мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан