Кыргызстан менен Казакстан аркылуу өтүүчү туристтердин жана энергетиктердин маселеси жөнгө салынат

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлеринин 1-ноябрдагы өкмөттөр аралык кеңешинин 4-жыйынында эки мамлекет аркылуу өтүүчү туристтердин жана энергетиктердин маселесин жөнгө салуу каралды. Эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан аймактардагы электр өткөргүчтөрдү оңдоо үчүн кызматкерлерди өткөрүү боюнча келишим түзүлдү. Кыргызстан менен Казакстан аталган маселени жөнгө салуу үчүн өкмөттөр аралык макулдашуу түзүшөт. Мындан сырткары туристтик топтордун чек арадан өтүү тартиби иштелип чыгат. Казакстан тарап өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгып Бишкекке жөнөтөт.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан