SUPER.KG порталынын 12 жаштагы Элхан Кубатбеков аттуу каарманы менен ырчы Анжелика жолукту. Ал өзүнүн жардамын берип, башкаларды дагы кайрымдуулук кылууга чакырып өттү.
"Элхан апасы менен сулуулук салонго келип кетишти. Ошол учурда мен салондо болчумун, өзүмдүн жардамымды көрсөттүм", - дейт ал.
Мындай кайрылуулар көп болот деген ырчы 10-сентябрда Гүлшат аттуу кызды арзандатуу менен дарылатууга алып барарын кошумчалады.
Буга чейин кифосколиоз же омуртка тутумунун ийилип, кыйшык өсүүсү деген диагноз коюлган Элхан тууралуу видеорепортаж даярдаганбыз. Төрөлгөндөн тартып анын сөөктөрү кыйшык өсүп, соңку жылдары абалы тездик менен оорлошуп баратат. Элхандын мындан кийинки жашоосун башка балдардай болуп ойноп-күлүп өсүүсүнө бир жол бар, ал Түркия өлкөсүндө жасалуучу операция.
Бирок мындай оор жана 3 этаптан турган операцияга 55 000 доллар керектелет.
Элханга жардам берүүнү кааалагандар үчүн реквизиттер:
Сбербанк: 4279380683488847 - Азиз Адиллаев;
Элсом: 0703932874 - Айзат Бакиева.