Ош мэриясынын алдындагы кыргыз тили комиссиясы тарабынан уюштурулган “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” акциясы ушул жылдын сентябрь айында жарыяланган эле. Ага карата, окуу жай ичинде бир ай бою ар түрдүү иш-чаралар уюштурулган. Жыйынтыгында, иш-аракеттер шаардык бийлик тарабынын колдоого алынып, Ош гуманитардык педагогикалык институту “Тарбияны эне тилден баштаган окуу жай - 2013” аттуу наамга ээ болду. Сыйлыкты 1-ноябрда Ош мэриясынын алдындагы тил комиссиясынын өкүлдөрү тапшырды.