Кызыл-Кыя: шаардын мэри Абиш Халмурзаев KICB банкынын жетекчилигинен насыя акчанын пайызын башка банктардан төмөн кылуусун суранды
Шаар мэри Абиш Халмурзаев
KICB банктын төрагасы Кванг Янг Чой
KICB банктын өкүлдөрү
Иш-чарага келген жергиликтүү тургундар
KICB банктын өкүлү Калмаматова Наргиза кыска метраждуу видео баянын айтып жаткан учуру
Иш -чарада даам сызууга мүмкүнчүлүк түзүлдү
Жергиликтуу тургундарга банк тарабынан белектер берилди
KICB банкынын өкүлдөрү
Кызыл-Кыядагы KICB банктын жаны ачылган филиалы
Филиалдын ички көрүнүшү
2-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында KICB банкынын филиалынын ачылгандыгына байланыштуу иш-чара болуп өттү. Анда банктын жетишкендиктери жана элдерге арзан пайыздагы насыя акчаны кантип алуу жана ипотека тууралуу кыска видео-тасма көрсөтүлдү.Иш -чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын банк тууралуу көйгөйлөрү жана сунуштары айтылды. Шаар мэри Халмурзаев Абиш сөз сүйлөп, банктын жетекчилигине кайрылуу жасады."Сиздер элди ойлоп биздин шаарга филиалыңыздарды ачып жатасыздар, бирок банктардын насыя акчасынын пайызы элдин жашоо шартына туура келбейт, сиздердин банкыңыздардан төмөн пайызды күтөбүз",- деди. Айта кетсек, иш-чарага KICB банктын төрагасы Кванг Янг Чой, шаар мэри Халмурзаев Абиш, вице-мэр Рахматулаев Жалалидин жана жергиликтүү тургундар катышты