Алмазбек Атамбаев “уурулар элди ээрчитип бара жатат” деди

Бишкекте Коргоо кеңешинин жыйыны уланууда.

"Кыргызстан көп нерсени жоготуп алды. Бирок бир күнү токтоп турган заводдор иштейт. Белгилеп койчу нерсе, учурда уурулар, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп миллионер болгон кишилер таза адамдарды, карапайым элди артынан ээрчитип бара жатат. Ууруга уча тартып сыйламак турсун, алардын жанында жүрбөш керек. Кээде мага аксакалдар келет да айтышат:  “Бул жигит биздин айылдан, камактан чыгарып койчу” деп. Мындай болсо коррупция менен күрөшпөй эле коюшубуз керек. Коррупцияны баарыбыз жалпы күрөшсөк гана жеңебиз. Генералдарга чейин келип ушинтип айтышат, уят”,- деди президент Атамбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан