Коомдун эң төмөнкү деңгээлинен тартып алсыраткан жана мамлекеттик башкаруунун кемчиликтерин көрсөтүп жаткан тиричилик коррупциясы коркунучтуу. Муну Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты.
Айтымында, тиричилик коррупциясынын кулачы массалык аң-сезимге терең сиңди жана коррупциясыз жашоо-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн эмес деп эсептегендери коомдо көп.
“Иш-аракеттердин ар түрдүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, мамлекеттик бийликтин органдарына жарандар түздөн-түз кайрылган конкреттүү маселелерди чечүүдө так регламенттөөнү жүргүзүү керек. Буга байланыштуу Экономика министрлиги коррупциянын деңгээлине масштабдуу изилдөө жүргүзүүнү баштады. Өзгөчө көңүл билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнөт”,-дейт Сариев.