Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы
Максатбек Дыйканов 4-ноябрдагы маалымат жыйынында “1-ноябрдан тартып жумасына Бишкек-Москва
каттамына дагы 10 рейс кошулду” деп билдирди. “Буга чейин жумасына 28 каттам
болсо, 1-ноябрдан тартып 10 каттам кошулат. Натыйжада эки тараптан 19дан авиа-каттам
ишке ашырылат. Мурда Ошто 12 болсо, ага 5 каттам кошулду”,- деди ал. Мындан
сырткары Москвага болгон авиа-билеттин баасы 278 долларды түзүп жатканын
кошумчалады.