Алмазбек Атамбаев: “Биз Кыргызстанда кол тийбес аткаминер болбостугун көрсөттүк”

Бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: “биз Кыргызстанда кол тийбес аткаминер болбостугун көрсөттүк”,- деди. Айтымында, акыркы жылдары коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдар жасалды.  

“Кетирилген кемчиликтерге, тоскоолдуктарга карабастан коррупцияга катуу сокку урулду. Коррупционерлердин, уурулардын далбастап, каршылык көрсөткөнү - мунун ачык далили. Кыргызстанда мындан ары күнөөсү аныкталса, кол тийбес аткаминер болбосун көрсөттүк. Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи, өз жазасын аларын түшүнүп калды”,- деди Атамбаев.

 

Президент “Коррупцияны кабылдоо индекси” эл аралык рейтинги  боюнча Кыргызстан бир жылда 164-орундан 154-орунга жылганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан