4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында экономика министри Темир Сариев "Экономика министрлиги жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы ар кандай тематикадагы үйрөтүүчү семинарлар жана тегерек столдор жетишсиз болуп жатат”,- деди. Буга байланыштуу министр чараларды сунуштады:
1. Мамлекеттик башкаруу Академиясынын алдында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоонун системи үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча окутуу курсун киргизүү
2. ЕККУнун Академиясынын базасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча магистрдик курстарды киргизүү
3. Коомдо коррупцияга каршы мамилени түзүүгө багытталган коррупциянын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү кампанияларды (PR-акцияларды) өткөрүү.