Жылдызкан Жолдошева: "Убагында Жапаров, Ташиев, Келдибеков деп жүргөн үчүн менин балдарым 3-4 жолу жумуштан алынган"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.

"Мен президенттин ишине карата сын айтканда уулум иштен алынды деп айткансыз. Балаңыз кайда иштечү, эмне үчүн бул анын жетекчисинин эмес, президенттин чечими деп ойлойсуз?", - деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

"Мен Садыр Жапаровго муну ишке киргиз деп бир дагы жолу резюме берген эмесмин. Жапаровду акыркы жолу 6-январь күнү көрдүм. Андан кийин ант берүү аземинде өтүп баратканын көрдүм. Фейктер Жолдошева баласын иштен алгандан кийин президентти каралап баштады деп жазып жатышат. Менин чындыгым үчүн баламды жумуштан алды. Президенттик администрацияда 1 жарым ай эң акыркы тепкичтеги кызмат орду эксперт болуп иштеген. Садыр Жапаров баламды иштен ал дегенин Сүйүнбек Касмамбетов мага айтты. Биз ага капа болгон жокпуз. Менин балдарымда иммунитет бар. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков деп жүргөн үчүн менин балдарым 3-4 жолу жумуштан алынган", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан