"Мите курттардын айынан баарыбыз бири-бирибизге катуу сын-пикир айттык". Ахматбек Келдибеков Жапаров, Ташиев менен болгон достук мамилеси тууралуу

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков болду.

"Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен достук мамилеңиз барбы? Акыркы жолу качан сүйлөштүңүз", - деген суроо берилди.

"Эки эле сөз менен айтсак болот. Башыбыздан көп нерсе өттү. Кызматта жүрдүк, парламентке жеңип келдик. Түрмөгө дагы отурдук. Ошол үчүн "эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт" деп айтып келем. Дос болгонубуз, бири-бирибизди колдогонубуз, жаш кезибизден бери көп нерсени көрдүк. Мите курттардын айынан баарыбыз бири-бирибизге катуу сын-пикир айттык. Ушунун баарынан сабак алышыбыз керек. Жакшы жагын колдоп, эгерде кемчилдиктер кетсе биз адам катары, дос катары дайыма бетке айтышыбыз керек.

Садыр Нуркожоевич менен акыркы жолу ал грамота алганда жолуктук. Ал эми Камчыбек Ташиев менен тойлордо, ар кандай иш-чараларда жолугуп эле турабыз", - деп жооп берди Келдибеков.

Ахматбек Келдибеков: "Мен саясатта жүргөндө тууган-уругумдан эч ким саясатка аралашпайт"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mariolan
2021-09-15 11:54:06
эң чоң мите курт силерсиңер
+23
bond02
2021-09-15 12:09:55
Омур бою мамлекеттин байлыгын жеген силердей адамдар менен дос болгон ал экоо да таза эмес, бул кетиште дагы отурасынар го ал жагынарга.
+10
muku.85
2021-09-15 13:22:23
Мен мурун ото баалачумун бул адамды Мекеним Кыргызстанга барганда ишене албай калдым тараза ташы кайсы жагы оор болсо ошо жакта журо берет окшойт
+14
surgeon777
2021-09-15 13:51:47
Главный мите курт озу эмеспи?
+12
Mister-XXX
2021-09-15 16:07:55
Ахматбек Келдибеков,эгер окуп калсаныз,сунуш айтат элем.Силер бийликте отуз жылдан бери жүрүп,өлкөнү оңдой албадынар.Эми актанбай эле тынч эс албайсынарбы.Силердин жегениңерди эл көрүп турат.Сын айтса эле бут тосуу,көралбастык дебегилечи.Өлкөнү ушундай нерсеге алып келгенинер үчүн Аллах алдында жооп бересинер.Эмнеге Аллахтан коркпойсунар?Бийлик колунарда турат,анан башканы жамандайсынар.Күнөөңөрдү мойнунарга алып үйрөнсөңөр.Колдон келбейби,кеткиле да.
+10
Mister-XXX
2021-09-15 16:12:55
Мите курттарды эмнеге жок кыла албадынар?Эмнеге азыр ошол"мите курттардын"атын айта албайсыз?Себеби,өзүңөр да алар менен шериктешсинер.Коркоксунар,жалганчысынар.
Ар бир жалган сөзүңөр үчүн,жасаган күнөөңөр үчүн сөзсүз Аллах алдында жооп бересинер.Көп жашасаныз отуз жыл жашайсыз.Анан Аллахтын алдына барасыз.Бийликтин кулу болуп,Аллахты унутуп калдынар.
+7
nazira...
2021-09-15 17:57:00
Mister-XXX,жакшы жазыпсын, молодец.
+3
KaGaH
2021-09-16 00:16:27
Эң негизги мите курт бул Келдибеков өзү, Жапаровдун саясатта жүргөн 10 жыл деген китебин окусаңар түшүнөсүңор бул адамды,акчаны байлыкты биринчи орунга койгон адам,2011 жылы атамбаевдин бийликке келишине чоң салым кошкон бул акматбек эң чоң сассык жана жийиркеничтүү мите курт
+4
Mina24
2021-09-16 10:09:17
Бийликке келгегдерди мактап бир кычыкка кирип алгысы келип атат да орун жоок
+2
Dembele84
2021-09-16 10:15:27
Жогорку кенеште спикер болуп отурганда кыйраткан эмес бул усатый.Элге эч кызмат кылбайт бул шакал,бут тосуу эле эмес наоборот камаш керек.Бир пайдасы жок адам и только бийлике жулунат же анысынан пайда жок!
+2
mariolan
2021-09-16 11:23:56
негизги мите курт Камчы, кене курт Садыр, сүлүк курт сенсиң
+2
KaGaH
2021-09-16 15:52:57
mariolan,акмат акаң жаз дедиби?
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан