Орусиялык ырчы МакSимди акыркы сапарга узатууга даярдана берүүнү сунуштаган Стас Барецкий сабалды

Орусиялык ырчы МакSимди акыркы сапарга узатууга даярдана берүүнү сунуштаган ырчы Стас Барецкий сабалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Барецкийди 12-сентябрь күнү Санкт-Петербург шаарында беш адам сабап кеткен. Ал жаракат алып, баш мээси чайкалган. Стас Барецкий өзү бул окуяны ырчы МакSимди акыркы сапарга узатууга даярдана бериш керек деп айтканына байланыштырган. Ошондой эле Барецкий МакSимди сотко берүүгө даярданып жатканын айткан.

"Анын айынан кимдир-бирөөлөр мага дайыма телефон чалып, коркутуп жатат", - деген Барецкий.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2021-09-15 21:31:54
Бирөөгө өлүм тилегенче өзүнө көр казып кой деген ушулда .
+7
Apyn8793
2021-09-15 22:16:56
Туура кылат, бироодон хайп жасайм деп озун "тайп" жаратты )))
+6
Jibani
2021-09-15 22:37:27
Балээни озу баштап Эми кайра сотко бергени кандай?
+10
al-abu-kinesz
2021-09-15 23:49:55
Максимдин ахыбалы жакшырган сайын олот деген адам уяттан жерге кире албай журот го деп ойлоп койчумун, корсо уурусу кучтуу болсо ээси доого жыгылат дейт, акмак экен бул адам.
+5
Antiradikal3
2021-09-16 11:20:24
Олтуруп эле коюшпаптыр, озунун жаназасы Максимден мурун болоорун кутпосо керек эле.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан