Учурда жасалма бөйрөк аппаратынын жетишсиздиги курч маселеге айланып турган кези. Кезеги жетпей же жашаган аймагында мындай аппарат жок көз жумуп кеткендер кездешүүдө. Азыркы тапта Республика боюнча жасалма бөйрөк аппаратына кезекке тургандардын саны-785 адамды түзөт. Мындай билдирүүнү SUPER.KG порталына бүгүн, 5-ноябрда Улуттук кардиология жана терапия борборунун Жасалма бөйрөк бөлүмүнүн жетекчиси, нефролог Бектур Абдиев баяндады. Бектур Абдиев ошондой эле учурда өлкөдө канча жасалма бөйрөк аппараты (гемодиализ аппараты, гемодиализ ыкмасы деп да аталат) иштеп жаткандыгы тууралуу билдирди.
Статистика боюнча:
Кыргызстанда мамлекеттик бюджетке караштуу гемодиализ аппараттарынын саны-65, ал эми жеке клиникадагы гемодиализ аппараттарынын саны-20.
Бюджетке караштуулары:
Бишкек шаарында-43 аппарат
Ошто-8 аппарат
Жалал -Абадда- 4 аппарат
Таласта-5 аппарат
Караколдо-5 аппарат
Нарын менен Баткенде-жок.
Бектур Абдиев: “Бөйрөк биологиялык чыпкалоонун милдетин аткарат. Эгер бөйрөк өнөкөт оорудан же башка себептен, мисалы, кан жоготуудан иштен чыгып калса, анда адамда зат алмашуу бузулат, уулар сыртка бөлүнүп чыкпай калып, денеге сиңе баштайт. Электролиттердин керектүүсү да, ашыкчасы да калып калат. Мындай абалда адамдын бүт органдарына күч келет. Эгер оорулууну жасалма бөйрөк аппаратына (гемодиализ ыкмасы деп да аталат) салбаса, көз жумуп кетет.
Аппарат адамдын бөйрөгүнүн милдетин аткарып, канды чыпкалап берет. Иштен чыгып калган бөйрөк соолуган алмадай болуп бүрүшүп калат. Ал кайра калыбына келбейт. Жасалма бөйрөк аппаратына туш келген адам өмүр бою ал аппарат менен жашап калат. Алар 1-топтогу майып болуп саналышат. Андыктан адамдар оорунун алдын алып, убак-убагы менен врачтын текшерүүсүнөн өтүп, ооруса дароо дарыланууну эске алса”, -деп кошумчалайт.