Ош шаарында ушул айдын башынан бери унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык салык кызматынан билдиришти.
"Салык кызматы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте рейд жүргүзүп жатат. Рейддин жүрүшүндө 3 миң 645 унаа токтотулуп, 3 миң 597 унаанын ээси ордунда төлөгөн. 48 унаа ээлерине 1000 сомдон айып пул салынган.
Орточо эсеп менен алганда, 3 миң 645 унаадан 700 сомдон жыйналганда, жалпы 2 миллион 551 миң 500 сом акча топтолгон. Рейд жумуш күндөрү унаа жолдорунда, ишемби жана жекшемби күндөрү унаа базарында уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.