Биз социалдык тармакта

Зиядин Жамалдинов: "Ошто көмүрдүн баасын 5 сомго да жогорулатпаган базарларды ишке киргизгиле"

Ош облусунда көмүрдүн баасын 5 сомго дагы жогорулатпаган базалар ачылат. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы көмүр жетекчилери, райондун акимдери жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугушуп, кышка даярдык, облус тургундарын көмүр менен камсыз кылуу жана көмүрдүн баасы тууралуу сүйлөшүштү. Анда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.
"Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомго да жогорулатпаган базаларды ишке киргизгиле", - деди Жамалдинов.
Президенттин Оштогу өкүлүнүн сунушун ишкерлер колдоп, 15-октябрь күндөн тарта атайын базаларда сатылуучу көмүрдүн баасын жогорулатпоого макул болушту. Ал үчүн көмүрдү ортомчусуз алып келүү боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
IOA
2021-10-05 09:16:41
Элге кыйын болду комурдун баасы азыр 6 сом 50 тыйын
0
Dembele84
2021-10-05 13:09:27
Ушул айтканынарды до конца текшерип турсанар элге да женил болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан