Биз социалдык тармакта

55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон... Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашашат жана бул жерге суук дээрлик эрте түшөт.

"Памирлик кыргыздар үчүн 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатып алынган. Бул кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulya583
2021-10-05 12:34:43
Аллах ыраазы болсун
+3
Antiradikal3
2021-10-05 12:50:54
Ошол боордошторубуз жакшы жашоого жетсе экен, эл катары замандап мектептерде балдарын окутуп, заманбап ооруканада дарыланып ден-соооугуна кам корушуп ........
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан