Биз социалдык тармакта

Ноябрда Кыргыз өлкөсүнө Индиядан делегация келет. Алар менен алтынды экспорттоо, импорттоо сүйлөшүлөт

2021-жылдын 1-октябрында Индиянын Мумбай шаарында Мумбайдагы Дүйнөлүк Соода Борбору, Бүткүл Индия Өнөр жайчылар Ассоциациясы жана Индия Эл аралык бизнес Палатасы менен биргеликте уюштурган "Doing Business in Business" бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Иш-чаранын жана өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ушул жылдын ноябрында Мумбай шаарынын бизнес-делегациясы Кыргыз өлкөсүнө келмей болду. Анда аталган делегация менен биргеликте текстиль өнөр жайы, тоо-кен тармагы, энергиянын альтернативдүү түрлөрүн колдонуу, баалуу таштарды жана алтынды экспорттоо, импорттоо жана башка тармактар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, сүйлөшүүлөр уюштурулат", - деп жазылат билдирүүдө.

20-сентябрда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров кыргыз бийлиги алтынды жеткирүүнүн жаңы каналдарын иштеп чыгууга киришкенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан