Искендер Матраимов парламенттик шайлоого аттанды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Искендер Матраимов бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 92ге жетти.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.