Биз социалдык тармакта

"Кыргыз көмүр": "Кара-Кечедеги коопсуздукту сактоо үчүн Ташиев "Альфа" атайын багыттагы аскерлерди жөнөттү"

Кара-Кече көмүр карьеринде коопсуздукту УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы аскерлери көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, "Альфа" атайын багыттагы аскерлери 5 күндөн бери Кара-Кечедеги коопсуздукту камсыздоодо.

"Кара-Кечеде коопсуздукту сактоо максатында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын багыттагы аскерлерди берди. Анда алардын курамы 12 аскерден турат. Алар биздин карьерде 20га чукул коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен бирге коосуздукту сакташат. 5 күн болду "Альфа" курал-жарактары менен барып кызмат кылышууда. Бул аскерлер биздин гана Кара-Кечеде болот. Ошол эле карьердин ичинде "Шарбон" деген Жабык акционердик коом бар. Ал жакка ИИМден аскерлерди сурап жатабыз", - деди Жакыпов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Pankration_MMA
2021-10-05 18:40:26
Мурда черныйлар көзөмөлдөчү, эми УКМК га өтүптүрда!
+10
Ak_Bulut
2021-10-06 11:08:58
Pankration_MMA,эми Ташиевке өтүптүр
+4
KG-312
2021-10-06 14:40:57
Ak_Bulut, Ташиевке өтсөго мейли, булар черныйларчалык элди сорбойт.
0
Antiradikal3
2021-10-06 15:41:39
KG-312,деп ойлойсун...... )))

Ашып тушсо керек..... Ар бир литр ГСМден 5-10 сомдон доляда отурса керек Ташиев менен Жапаров. Алтын-кумуш, бажы, комур, ГСМ, деги койчу,кайсы бирин санап берейин........
0
uli1234
2021-10-05 19:27:10
Халтура кылшат экенда УКМК расса.
+2
KaGaH
2021-10-06 12:10:50
uli1234,мазза кылат деп кой
+1
Real98
2021-10-06 14:08:06
Ана дакансалар
0
bond02
2021-10-06 14:15:45
Эки тизгин бир чылбырды колго алайын бир жолу дешкен го достор.
+1
kkkk3259780
2021-10-06 14:30:58
bond02, доля жок болуп калдыбы сага.
-4
KaGaH
2021-10-06 14:39:07
Бир жакшы ойлогон адам жок,альфанын спецназы турса жакшы эмеспи,черный эмес көктөр да бара албайт ал жерге,мурун ал жерде бардак болчу смотрящийлер карап
+2
NURSAPAR
2021-10-06 18:52:08
Эээ пендеге эч нерсе жакпайт окшойт. Кылдан кыйкым издешет, алып барса не болуптур. Тооба,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан