19-сентябрь күнү Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринен 1997-жылы туулган Медина Нурлан кызынын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. 20-сентябрда Токмок шаарында соттук-медициналык экспертиза жасалып, андан соң сөөгүн туугандары Нарын облусуна алып кетишкен. SUPER.KG порталы буга чейин тарткан репортажда келиндин кайненеси менен жолдошунун айткан сөздөрү чындыкка дал келбей турганын маркумдун апасы Гүлзат Турсуналиева айтат.


"Күйөө балам менен кызым кайненесинин айынан көп жолу урушуп жүрүшчү, кызганычтан дагы чыр чыккан. Кызымды үйгө жүктөрү менен көчүрүп алып келип алсам кечирим сурап, аркасынан кайда барса калбай жүрчү. Бир эмес көп эле жолу кол көтөргөнүн да кызым айтып калчу, ортодо бир баласы болгондон кийин ага ата керек деп кызым барып кайра жашап жаткан. Күйөө балам мага "эми намаз окуйм, экинчи кол көтөрбөйм" деген сөзүнө ишенгем. Окуя болгон учурда мен Москвада болчумун. Кабарды укканда дароо келдим, ошондон бери күйөө баламды деле көрө элекмин, балким, астыма келип "апа, ушундай болуп калды" деп тизелесе, мен кызымдын денесин экспертизага жөнөтүп кестирбейт белек... Жөн жерден кызым кыйналды. Кайненеси менен күйөө баламды эч ким күнөөлөй электе актанып жатканы күмөн санатат", - дейт маркум Мединанын апасы. Толугу менен видеодон көрүңүз.