SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун тургуну кайрылды. Анда ал Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында кезек күтүүлөр көп болуп жатканын айтып, ошол эле учурда мындай абалга нааразы экендигин билдирди.
"Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына дарыгерге кирүү үчүн талон алуу керек. Ал эми талон алуу үчүн 2 касса иштейт. Кезек күтүү 2 саат...
Алыстан келгенбиз, биз талон алып дарыгерге киргенче иш убактысы бүтүп, дарыгерлер үйлөрүнө кетип калат. Кайсы жакка барба кезек күтмөй", - деп нааразы болду окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.