Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.
Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Чүй облусу:
- Сокулук райондук сотуна:
Садыков Болот Калыбекович.
- Ысык-Ата райондук сотуна:
Шабданбеков Болот Турарович.
- Чүй райондук сотуна:
Абдрасул уулу Бектур.
- Токмок шаардык сотуна:
Акбалаева Нурия Каинбековна.
– Ош облусу:
- Кара-Суу райондук сотуна:
Мамасалиева Мээрим Жумалиевна.
- Ош шаардык сотуна:
Максатбеков Султан Максатбекович;
Мойдунов Абдисалам Абылкасымович.
– Жалал-Абад облусу:
- Жалал-Абад шаардык сотуна:
Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович.
– Бишкек шаары:
- Октябрь райондук сотуна:
Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.