Ош шаарынын күнүнө карата спорттук иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата Навои жана Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу жайларында спорттук иш-чаралар уюштурулду. Жалпысынан 500гө жакын катышуучулар аркан тартыш, кол күрөш, тогуз коргоол боюнча мелдештерге катышты. Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.