Севинч Муминова, Нурлан Насип... Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды (сүрөт)
Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, майрамдык салтанатка 10 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору күбө болушту.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын куттуктады.
"Гала-концерт Орусиянын белгилүү ырчысы, "Динамит" группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстан Республикасынын ырчы айымы Севинч Муминова, Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Аскат Мусабеков, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун коштоосунда өттү.
Майрамдык салтанатта фейерверк атылып, жаштарга бий кече уюштурулду", - деп жазылат маалыматта.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Ош шаардык мэриясы