Президент Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиевди жеңиштери менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук баракчасына жазды.
"Айсулуу алтын кызыбыз! Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм! Буга улай эле азаматыбыз Эрназар Акматалиевдин Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!", - деп жазылат билдирүүдө.