6-7-октябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
ӨКМ билдиргендей, 6-7-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.