Биз социалдык тармакта

Салык кызматы 900 миң сомдон ашык суммадагы алкоголь продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алды

Бишкектеги "Азиз" базарынын аймагындагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө жасалма жана иш жүзүндөгү көлөмүнө ылайык келбеген акциздик маркалар менен алкоголдук буюмдар тартып алынды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 900 миң сомдон ашык суммадагы 4 миң 571 бөтөлкө алкоголь продукциясы алынган.

"Ишкердик субъекттерине карата материалдар мыйзамдарга ылайык чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан