Биз социалдык тармакта

Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетинин башчысын эмне үчүн күзөтчүлөр коштоп жүрөт деген суроону көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 6-октябрдагы кезектеги жыйынында "министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетинин башчысын эмне үчүн иш сапарларда аны күзөтчүлөр коштоп жүрөт деген суроону көтөрдү. "Бул мамлекеттик бюджетке бир катар чыгымдарды алып келет. Биринчиден ушунча кишинин коштоп жүрүшү, жолдорду тосуу жана тыгындардын болушу. Баш тартууга убакыт келди", - деди Бекешев.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов төмөнкүчө жооп берди.

"Министрлер кабинетинин башчысы азыр мындайча айтканда президенттин жардамчысы. Мурда премьер-министрди коштоп жүргөндөй эле аны дагы күзөтчүлөр коштойт", - деди Калматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-10-06 18:51:49
А озгоруу кана ?Ошол эле картедж ошол эле чыгым болуп жатпайбы.Экономдоо бюджетти кичине болсо да уномдоо деген болобу озу?Жыргатпайт булар деле эч качан жылыш жок,ошол эле эски нерселер кайталанып жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан