Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Мырза бир мандаттуу округдан шайлоого аттанарын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"№21 Талас бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга тиешелүү документтерди тапшырдым", - деп жазды ал.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Учурда арыз бергендердин саны 100дөн ашты.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.