Айтмат Азамжан уулу Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.
Айтмат Азамжан уулу буга чейин шаардык “Ош шамы” гезитинде башкы редактордун орун басары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жана президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгында жооптуу кызматтарда иштеген.