Жогорку Кеңештин жыйынында "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча насыялык макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору каралды.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6 миллион 500 миң евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Анын ичинде 2 миллион 500 миң евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен Сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.