Биз социалдык тармакта

Борбор калаада аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 миң сомдон компенсация берилет

Бишкек шаарында аз камсыз болгон 4 105 үй-бүлө бар. Аларга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында 5 миң сомдон акчалай компенсация төлөнүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө компенсация төлөө үчүн 21 миллион 450 миң сом каралган.

"Борбор калаадагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 миң сомдон компенсация төлөнүп берилет. Ага 21 миллион 540 миң сом каралды. Бардык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бул сумманы алышат деп ишендирип айта алам", - деди шаар мэри.

Эске салсак, компенсация аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көмүр сатып алышы үчүн бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан