Биз социалдык тармакта

"Топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок дегендей". Момбеков өкмөттүн күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыгы жок экенин айтты

Бүгүн, 7-октябрь күнү депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго даярдоо жана жылытуу мезгилинин даярдыгы жок экенин айтты.

"Өкмөттүн жыйынында айттыңыз, өкмөт даярдоо жана жылытуу мезгили боюнча маселени кийинки жумада комитетке киргизет, аркы жумада палатада талкуулайбыз деп. Даярдоо жана жылытуу мезгили эки эле сөздөн турат күз жана кыш. Күз ортолоп октябрь болуп калганда алардын даярдыгын караштын канчалык кажети бар? Бул маселени биз август айында карашыбыз керек болчу.

Бүгүнкү күндө биз алардын даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек. Бир-эки күн суук болду, кыламык кар жаады даярдоо жана жылытуу мезгили нөл экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок дегендей эле да. Жетекчилердин жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-10-07 11:49:14
Туура соз
0
ErkinOkenovich
2021-10-07 12:08:59
Момбеков туура жана так айтат. Бирок! Текебаевтин партиясына отом деп бир аз адашып, баркын кетирип алды.
0
Mirnar
2021-10-07 16:25:29
Кышта свет очуп жудотот экенда ,кыскасы коп кабаттуу уйдогулор жылу кийимибизге ишенели...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан