Биз социалдык тармакта

Депутат Нурдинов "сизге алкыш" деп сөз баштап, Тил комиссиясы "рахмат" сөзүн карап чыгышы керектигин айтты

Кечээ, 6-октябрда депутат Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кеңештин жыйынында "рахмат" деген сөздүн ордуна "алкыш" сөзүн колдонууну сунуштап чыккан болчу. Эл өкүлүнүн сунушу коомчулуктун көз жаздымында калбай, түрдүү талкууну жаратты.

Бүгүн, 7-октябрдагы жыйында Бейшенаалы Нурдинов сөз сүйлөп, аны "сизге алкыш, Аида Камчыбековна" деп баштады.

"Мен кечээ алкыш сөзү боюнча айттым эле, ошону протоколдук тапшырма кылып Тил комиссиясына берип койсоңуздар. "Рахмат" деген арабдын сөзүбү, алкыш деген кандай маанини берет, ошону бизге түшүндүрүп беришсин", - деди Нурдинов.

"Бейшеналы Нурдинович, биз Тил комиссиясына муну протоколдук тапшырма кылып бере албайбыз. Депутаттык кайрылуу менен ал маселени чечсе болот", - деди парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Scorpion_09
2021-10-07 12:49:27
Чимкириктер ,башка ишинер жокпу ?
+7
Mister-XXX
2021-10-07 13:21:03
Эми рахмат деп айтпагыла деп жаткан кербезиби?Рахмат деген сөз өзбек,казак,татар,башкыр тилдеринде кездешет.Түрк тилдүү элдердин баарында бар.Ушуга окшогон депутаттарды айыл өкмөткө да шайлаганга болбойт.Акча менен партия менен келген кеңкелестер Жогорку Кеңеште отурушат.Өлкөнү кантип өнүктүрүү керек,ошол жөнүндө сунуш айтпайбы.
+4
SHahabidin-jabborov
2021-10-07 13:35:38
Соз жок!
+1
Ak_Bulut
2021-10-07 15:22:11
Уялчаактын жердеши - рахмат дегенден уялып атыр))
+1
PROS
2021-10-07 16:29:07
Саясат, тарых, маданият, адабият, китеп, калем, мугалим деген негизги сөздөрдү кайсы сөзгө алмаштырат экен бул чимкирик?)))))
+1
Dembele84
2021-10-08 10:11:50
Тапкан созу ушулбу бул чимкириктин?Ушунча да мал болушабы?Башка жагынан Кыргызстанда баары жакшы болуп кылаарга иш таппай калганда айтса тушунмокмун.Толгон токой иштер турса бул конкобайдын суйлогону ушул!
+1
Shanson
2021-10-09 14:01:18
Бул адам (депутат деп айтышка ооз барбайт) мынча болду, эми фамилиясын алмаштырсын. Анткени, Нурдин деген сөз араптардын сөзү "Нур ад-Дин" мааниси "Диндин нуру". :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан