Бүгүн, 7-октябрда Ак Үйдүн кире беришинде 2022-жылга дары-дармектерди сатып алуу үчүн республикалык бюджетке акча каражатын которуу боюнча депутаттарга кайрылуу менен флешмоб өткөрүлдү.
Флешмобду "Ракка биргеликте каршы", "Эргене" коомдук фонддору, "Бейтаптар коомдорунун биримдиги" жана "Курдаш - эмчек рагына чалдыккан аялдардын ассоциациясы" уюштурган.
Иш-чара эмчек рагына каршы күрөшүүнүн эл аралык айы болгон "Күлгүн октябрга" карата уюштурулган.
Анда эмчек рагынан жабыр тарткан 50дөн ашык аялдар, башка жамааттар, биримдиктин мүчөлөрү "Жашоого болгон укугумду колдогула" деген ураан менен флешмоб уюштурушкан.
Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.