
Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5-октябрга караган түнү башталган.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 47 саламаттыкты сактоо уюмунун 42си жылуулук системасына кошулду.
Ал эми жылытууну туташтыруу процесси №2, 6, 11, 12 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда уланып, студенттердин бейтапканасында жылытуу системасын пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Ушул аптанын аягына чейин ооруканаларды толугу менен жылуулукка кошуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.