Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар килемге чыгат (тизме)

Бүгүн, 8-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери өтөт.

Бүгүнкү мелдеште күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда беларусиялык Максим Казарский аттуу балбан менен кез келет.

Ошондой эле 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүндө даниялык Матиас Бак аттуу балбанга каршы күрөшөт.

Мындан тышкары кечээ жеңилүү ызасын тарткан Кайрат Түгөлбаев менен Калидин Асыкеев коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке чыгат. Кайрат Түгөлбаев жубатуучу беттеште тажикстандык Далер Реза Зада менен кез келсе, Калидин Асыкеев эстониялык Ранет Калёла аттуу балбанга каршы күрөшөт.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tariel_tt
2021-10-08 11:05:08
Кайрат укам тажикти буктоп салчы. Намыс учун тажикти жер каратчы.
+5
salimbek87.kg
2021-10-08 11:07:39
Баардыгына ийгилик буйруса жеңиш күтөбүз дуба кылып турабыз
+4
didu
2021-10-08 16:08:33
Акжол корунбойтко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан